Назира Айтбекова:  Жээнбековдордун болгон тууган — туушкан, классташ, кудасы, коңшусу бийлеп атса да, баш ийип отурган элиме таарындым

Белгилүү теле алып баруучу, журналист, блогер Назира Айтбекова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына кыргыз эл, журтчулугуна таарынычын билдирди. Анын айтымында буга чейин далай саясий туура эмес окуяларга көзүн жумуп, айланып өтүп келген. Бирок, бийликтегилердин Коомдук Теле-радио Компаниясына байкоочу кеңешке шайлоо учурундагы одоно, туура эмес, иштерине чыдай албай калганын айтып. Ушундай Жээнбековтук клан элдин башынан аттап, каалаганын кылып, мыйзамды, укукту жана элдин үмүтүн, ишенимин тебелеп атканына унчукпай карап отурган элге, коомдук ишмерлерге, атүгүл өзүнө таарынычы бар экенин айткан. Ошентсе, элге жана таза, эл үчүн күйгөн инсандарга ишенээрин, бийликтин мындай «беспредел» ыплас иштерине акыры бир күн чекит коюларына үмүт этээрин билдирген. Анан постунун аягында ыйламсыраган быйтыкчаны жайгаштырып, #бардаквстране деген хештек койгон.

Андан кийин КТРКнын жетекчилигине умтулган инсандар, кимге барып атыр жыттатыш керек экендигин айтып, КТРКга мүдүрдү ким шайлаарын жана өлкөдөгү болгон ишти бир гана киши чечип, бир гана клан өз билгенин кылып атканын билдирген. Акырында ал КТРКга мүдүр болом дегендерге артист көйнөктөрүн чечип, дэмдерин басып отурушу керек экенин кеңеш берген.

Төмөндө: Н.Айтбекованын фейсбуктагы постун толугу менен беребиз.

Назира Айтбекова:

«Көздү жумуп алып, кулакты жапырып алып саясат деген жерден секирип өтчүмүн! Ичим күйүп кетти. Акыйкатсыздыкты карап туруп , унчукпай отуруу мүмкүн эмес! Жээнбековдор кланын алып келген Атамбаевге таарындым. Адилетсиздикти көрүп туруп, — Мейли эми! — деп баш ийип, отуруп берген эл өкүлдөрүнө таарындым. Жээнбековдордун болгон тууган — туушкан, классташ, кудасы, коңшусу бийлеп атса да, баш ийип отурган элиме таарындым. Дагы эле үмүтүм өчпөгөн өзүмө деле таарындым. ;( #бардаквстране

Оозу кыйшык болсо да, Жээнбековдордун тааныш — тунушу, куда — пудасы, коңшу — колоту сүйлөсүн! КТР ге мүдүрдү ким шайлайт түшүндүңөр да? Артис көйнөгүңөрдү чечип, үмүтүңөрдү үзүп, демиңерди басып, жөөөн эле, тыыынч эле отургула, айланайындар!)».

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Акыркы учурда бийликтин кылып жаткан иштерине барган сайын элдин ичи чыкпай, атүгүл теле жылдыздар дагы үн кошуп, саясат тууралуу айта баштаган соң мындай саясаттын акыры эмне болот деген суроо бергенибиз оңбу дейм?

Поделиться

Правила комментирования

Post Comment